Биз менен байланышыңыз

Салык декларациясын тапшыруу өнөктүгү башталды

Кыска кабар | 18 Янв 2024 | 1422 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталганын кабарлады.

Бул жолку өнөктүк эки баскычта өтүп, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, 1-майга чейин жеке жактар, ишкерлер декларация тапшырат.

1-апрелге чейинки өнөктүктө Кыргызстанда иш алып барган чет өлкөнүн уюмдары да декларация тапшырууга милдеттүү болуп саналат.

Салык алына турган мүлкү бар (короо-жайынан тышкары) жеке жактар, өз алдынча иш алып барган дыйкан-фермерлер, жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммага мүлк сатып алгандар, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын, ишканалардын кызматкерлери, убактылуу жашап турууга укугу же кайрылман макамы барлар, эл аралык уюмдарда иштеген жарандар 1-майга чейин декларация толтурушу керек.

Алар өз отчётторунда киреше-чыгашалары, экономикалык иштери, мүлкү, жер тилкелери, жыл ичинде төлөгөн салыктарынын суммасын так көрсөтүшү зарыл. 

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номеринен же салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM