Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда логистикалык борбор курулууда (сүрөттөр)

Кыска кабар | 18 Янв 2024 | 179 | 0

Баткен районунун Самаркандек айылында логистикалык борбор курулууда. Бул тууралуу облустун жетекчилиги кабарлады.

Учурда имаратын оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Керектүү жабдуулар алып келинген, оңдоп-түзөө бүтөрү менен орнотуу башталат.

Логистикалык борбор жергиликтүү ишкерлердин биринин демилгеси менен салынып жатканы, демөөрчүсү да ошол ишкер экени айтылат маалыматта.

Борбордо жергиликтүү дыйкандардын жашылча-жемишин сакталып, таңгакталып, Кыргызстандын аймактарына жана жакынкы, алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлүп турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM