Биз менен байланышыңыз

Каржы пирамидасы боюнча бир жылда 358 кылмыш тергелген

Кыска кабар | 17 Янв 2024 | 156 | 0

2023-жылдын 12 айында каржы пирамидасына байланышкан 358 кылмыш тергелген. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тергелген кылмыштын 217си соттук кароого жиберилгени, калган 98и боюнча тергөө уланып жатканы айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, бул кылмыштын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталган, азыраагы Чүй, Баткен, Талас облустарында болгон.

Ички иштер органдарына жалпысынан 350дөн ашуун адам кайрылып, алар тарткан чыгым 68 млн сомдон ашкан. Бул кылмыштар боюнча 40 адам жоопко тартылган.

Ички иштер министрлиги Кыргызстандын калкын кайсы бир ишке акча салардан мурда терең ойлонууга, алдамчылардын торуна түшүп калуудан этият болууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM