Биз менен байланышыңыз

Казакстандагы 46 кенчинин өлүмүнө байланыштуу 9 адам камалды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2024 | 303 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Казакстандын Башкы прокуратурасы өткөн жылдын октябрь айында болгон Караганда облусунун Костенко шахтасындагы жарылуу боюнча тергөө аяктап калганын билдирди.

«Учурда шахтадагы жарылуу боюнча иликтөө иштери аяктап жатат. Тогуз шахта кызматкери шектүү деп табылып, камакка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Казакстандын өзгөчө кырдаалдар министри Сырым Шарипханов бул жарылууга 19 адамдын тиешеси болушу мүмкүн экенин, «Арселор Миттал Темиртау» компаниясынын мурдагы башкы директору Владимир Яблонский, кадрлар боюнча директору Елена Винокурова, көмүр департаментинин техникалык директору Андрей Белый да жооп бериши керектигин айтууда.

Эске салсак, 2023-жылдын 28-октябрында «Арселор Миттал Темиртау» компаниясына таандык Костенко көмүр шахтасында болгон жарылуудан 46 адам каза таап, 28 шахтёр жаракат алган. Ушундан кийин Казакстан өкмөтү жеке менчик ишкананы мамлекетке алып койгон.

Андан кийин кен Allur компаниялар тобуна өткөрүлүп берилген. Компаниялар тобунун төрагасы Андрей Лаврентьев өз компаниясын Qarmet деген аталышка өзгөртүп, ишти колго алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM