Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы бир алтын кени ачылуу алдында турат (сүрөттөр)

Кыска кабар | 17 Янв 2024 | 1145 | 0

Ысык-Көлдөгү «Тоголок» алтын кенин өздөштүрүү иштери жигердүү улантылууда. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун басма сөз кызматы кабарлады.

«Кумтөр» алтын кенинен 200 чакырым алыстыкта жайгашкан «Тоголок» алтын кени 1978-жылы табылган. Ошол жылдан 1982-жылга чейин геологиялык чалгындоо жүргүзүлүп, 1424 метрлик туннел курулган. Андан кийин кайсы бир себептер менен кенди изилдөө токтоп калган.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасы «Тоголок» кенин иштетүүгө жана «Жангарт» аянтына геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө мамлекеттик лицензияны 2023-жылдын 8-августунда алган.

Ошол күндөн баштап кенге бара турган жолду ачуу иштери жүргүзүлгөн. Учурда жабылып калган штольнянын 230 метри ачылган. Кен менен Үч-Кошкон кыштоосунун ортосундагы жол жасалган.

Өткөн жылдын ноябрь айында бургулоо иштери башталып, 22 тилке казылып, анын ичинен 17 скважинанын үлгүлөрү лабораториялык изилдөөгө берилген. Декабрь айынан бери штольняда да иштер башталып, 4 тонна үлгү чогултуу мерчемделген.

Адистердин айтымында, «Тоголок» кенинде 17 тоннага жакын алтын бар. Учурда бул маалыматты тастыктоо, алтынды казып алуунун ыңгайлуу ыкмаларын аныктоо чаралары көрүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM