Биз менен байланышыңыз

Энергетика министрине жаңы орун басар дайындалды

Кыска кабар | 17 Янв 2024 | 190 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйруктун негизинде Насипбек Керимов энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.

Керимов Насипбек Асматович 2008-жылы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин «газ жана аба желдеткич орнотуучу» адистигинде аяктаган. 2014-2016-жылдары ушул эле окуу жайда «өнөр жай экологиясы жана жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу» адистигинде окуган.

Эмгек жолун 2008-жылы «Климат Техноложи» компаниясында желдеткич орнотуучу болуп иштөө менен баштаган. Ошол эле жылы Энергетика жана өнөр жай министрлигинин отун, газ, жылуулук берүү бөлүмүнө башкы адис болуп ишке орношуп, бул кызматты 2016-жылга чейин аркалаган.

2016-2017-жылдары «Улуттук энергохолдинг» компаниясында эксперт, 2017-2021-жылдары «Бишкек жылуулук тармагында» техникалык аудитор болуп иштеген. 2021-жылдан азыркы кызматына дайындалганга чейин Президенттин администрациясында эмгектенген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM