Биз менен байланышыңыз

Профессор Дүйшөн Шаматов ТүркСОЙ уюмунун медалы менен сыйланды

Кыска кабар | 16 Янв 2024 | 389 | 1

Казакстандагы Назарбаев университетине караштуу Жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов ТүркСОЙ эл аралык уюмунун ардак медалы менен сыйланды. Бул тууралуу «Маралга» кесиптештери кабарлады.

Дүйшөн Шаматовго сыйлыкты Казакстан калк ассамблеясынын Кеңешинин мүчөсү, ТүркСОЙдун башкы катчысынын кеңешчиси Шавкат Исмаилов тапшырган.

Шавкат Исмаилов медалды берип жатып, Дүйшөн Шаматов окуган дарстарга бир нече ирет катышканын, бул адамдын адистик билими өтө жогорку деңгээлде экенине көп жолу күбө болгонун айтып өткөн. Андан тышкары профессордун Казакстан менен Кыргызстандын агартуу тармагына кошкон салымы эбегейсиз зор экенин баса белгилеген.

ТүркСОЙ — түрк тектүү калктардын маданий-тарыхый мурастарын сактоо, улуттар аралык тарыхый-маданий алакаларды бекемдөө сыяктуу иштерди жүргүзгөн эл аралык маданий уюм. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан мамлекеттери, Алтай, Башкырстан, Гагауз, Татарстан, Туба, Түндүк Кипр, Хакасия, Якутия аймактары мүчөлүк кылат.

Профессор Дүйшөн Шаматовдун медаль алышы менен «Маралдын» жамааты куттуктап, ишине ийгиликтерди каалайт!

1 пикир

1 пикир

  1. Зина эже

    16.01.2024 20:58

    Дуйшон,сыйлык Кут болсун.Аиан болуп,Уй булоон менен бакыват турмуш откор. Сен мында на чон сыйлыкка татыктуусун.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM