Биз менен байланышыңыз

Телеграм аркылуу ар кимди алдап, акча алып жүрүүгө шектүү кармалды

Кыска кабар | 16 Янв 2024 | 422 | 0

«Телеграм-канал аркылуу ар кимди алдап, акча алып жүргөн» деген шек менен 40 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын январь айында Телеграмдын Valyuta Osh каналына чет элдик валютаны нак сатуу-сатып алуу боюнча жарыя чыккан. Ага ишенген Ноокат районунун тургуну рублди долларга алмаштыруу өтүнүчү менен байланышкан. Жарыя берген тарап арзан бааны убада кылышып, жардам бере турган адам менен жолугушууну сунушташкан.

Акча алмаштыруу үчүн жолугууга келген адам өздүк эсебине 1 млн рублди котортуп алган соң, «акчаны азыр алып чыгам» деп кирип кетип, ошол бойдон дайынсыз жок болгон. Алданып калганын билген Ноокаттын тургуну милицияга арыз жазган.

Айтылган маалыматтын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен иш козголуп, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгына шектүүнү издөө, кармап келүү тапшырмасы берилген.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кылмышка шектелген Ош шаарынын 1983-жылы туулган тургуну К.Н. чет өлкөгө качып баратканда, чек арадан кармалып, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда бул адамды суракка алуу, шектүүнүн шериктерин издөө иштери жүрүп жатканы айтылган маалыматта.

Алдын ала маалыматка караганда, кармалган адам жана анын шериктери буга чейин да ушундай эле жол менен Ош шаарынын тургунунун 66 миң долларын алдап алышкан. Булардын мындан башка да алдамчылык иштерге катышы болушу мүмкүн.

Ички иштер министрлиги мындай жол менен алмашуу операцияларын жүргүзүү өтө коркунучтуу экенин эскертип, акчаны ишенимдүү жайлардан гана алмаштырууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM