Биз менен байланышыңыз

«Сынган кылыч» романынын негизинде көркөм тасма тартуу сунушталат

Кыска кабар | 16 Янв 2024 | 153 | 0

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл толгон мааракенин алкагында Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романынын негизинде көркөм тасма тартуу демилгесин көтөрөм. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев «Сереп медиа» басылмасына берген маегинде билдирди.

«Аталган чыгармадагы Алымбек датка, Нүзүп бий сыяктуу тарыхый инсандардын образын ачып, азыркы жана кийинки муундарыбызга идеологиялык мааниси зор тасма жаратышыбыз керек. Кыргыз коомчулугу чет өлкөлүк тарыхый тасмаларды, анын ичинен Түркиянын тарыхый сериалдарын суктануу менен көрүшөт. Эмне үчүн биз алардыкындай тарыхый тасма тарта албайбыз? Алардыкынан кем эмес, тарыхыбыз бар. Өмүрү өрнөк болгон инсандарыбыз көп. Андыктан «Сынган кылыч» романынын негизинде тартыла турган көркөм тасма кеминде он сериядан туруп, ар бир сериясы бир сааттын тегерегинде болсо деп ойлонуштуруп жатабыз. Жакынкы күндөрү кино тартуунун жол-жоболорун аныктап, тартуучу режиссёрлорго ачык конкурс жарыялап, ишти баштасак деген ниетибиз бар», — деди спикер.

Төраганын айтымында, бул сериал тасманы тартууга болжолдо эки жылдай убакыт сарпталып, баштапкы каржы Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан бөлүнөт. Андан тышкары айрым ишкер жигиттер-кыздар да өз салымдарын кошуу ниеттерин билдиришкен.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романында Кокон хандыгы доорундагы элдин коомдук-саясий абалы көркөм сүрөттөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM