Биз менен байланышыңыз

Энергетика боюнча үч долбоорго «мамлекеттик маанидеги» макам берилди

Кыска кабар | 16 Янв 2024 | 146 | 0

Айрым долбоорлорго «мамлекеттик маанидеги долбоор» статусун берүү аркылуу инвестиция тартууну жогорулатууга болот. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Айта кетсек, бүгүн, 16-январда Бакыт Төрөбаев жетектеген Улуттук жана мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду тандоо комиссиясынын отуруму өттү.

Жыйында айрым долбоорлорго «мамлекеттик маанидеги долбоор» макамын берүү маселеси да каралып, жыйынтыгында «Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу», «Казарман ГЭСтер каскадынын курулушу», «Кемин-Торугарт – 500 кВт чыңалуудагы электр өткөрүү линиясын куруу» долбоорлоруна айтылган макамды берүү чечими кабыл алынды.

Жобого ылайык, мамлекеттик мааниге ээ болгон долбоорлорго инвестиция салган компаниялар кошумча нарк салыгынан, сатуу салыгынан, киреше салыгынан белгилүү бир мөөнөткө бошотулуп, мындан сырткары да бир катар жеңилдиктер берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM