Биз менен байланышыңыз

Камчы Көлбаевдин атынан фонд ачууну сунуштаган адам кармалды

Кыска кабар | 16 Янв 2024 | 2049 | 0

Бишкекте «уюшкан кылмыштуу топко катышы бар» деген шек менен О. аттуу адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

11-январда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы социалдык тармактарга мониторинг жүргүзгөн. Ошол учурда Tik Tok социалдык тармагына @taza_koom аккаунту менен катталган адам видео жүктөгөн.

Видеодо О. аттуу адам курулуш компаниялардын алданган үлүшчүлөрүнө кайрылуу жасап, аларды маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атынан фонд түзүүгө чакырган. Ошондой эле бул ишти колдоо үчүн кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн жардам сураган.

Мониторинг жүргүзгөн кызмат видео боюнча «Бул адам өз билдирүүсү аркылуу мамлекеттик органдардын ишмердигине шек келтирди» деп тапкан да, тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (уюшкан топ түзүү же ага катышуу) менен иш козгогон.

Ыкчам иликтөөнүн аркасында видеону жарыялаган О.Т. аттуу Бишкек шаарынын тургуну экени аныкталып, Молдокулов көчөсүндөгү үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда уюшкан кылмыштуу топтун арасындагы даражасын билдирген шакек, 1 ноутбук, 2 уюлдук телефон табылган. Андан сон шектүү Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагына камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM