Биз менен байланышыңыз

Израиль Газа секторунун түндүгүнөн чабуул аяктаганын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2024 | 300 | 0

Газа секторунун түндүгүнөн жасалып жаткан чабуулдун курч фазасы аяктады. Бул тууралуу Израилдин коргоо министри Йоав Галлант билдиргенин Times of Israel сайты жазды.

Министрдин айтымында, Газанын түндүгүндөгү ХАМАСтын бардык батальону талкаланып, Египет менен Газаны байланыштырган Рафах жолуна бөгөт коюлган. Учурда калып калган айрым жоокерлеринин көзүн тазалоо жүрүп жатат.

Йоав Галлант андан тышкары Израиль армиясы (ЦАХАЛ) кийинки баскычта сектордун түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарынан кирип, чабуулга өтүшөрүн маалымдаган.

«Өздөрүн болочок өкмөт санап алгандар Газа секторунан чыгып кетсин. Газаны палестиндер башкарышы керек. Аскер операцияларынын аяктаганы саясий акт менен бекемделиши керек», — деген Йоав Галлант.

Айта кетсек, өткөн жылдын 7-октябрынын таңында Палестинанын Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылынын мүчөлөрү Израилге кокустан 3 миң даана ракета менен чабуул койгон. Кыймылдын жоокерлери чек араны жарып өтүп, бир канча стратегиялык аймакты курчап, ондогон аскерин барымтага алган.

Израиль бийлиги дароо «Темир кылыч» операциясын жарыялап, ХАМАСка каршы аскердик чабуулга өткөн. Согуш ошондон бери уланып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM