Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жоголду делген беш жашар баланын сөөгү табылды

Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 395 | 0

«Дайынсыз жоголду» делип, изделип жаткан 5 жаштагы Алихандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2018-жылы туулган Абдукахаров Алихан аттуу бала изделип жатканын кабарлаган.

Маалыматка караганда, бала ДЦП дартынан жабыркап келген. Ал кечээ, 14-январда болжол менен саат 15:00 чамасында Мурас-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Баланы издөөгө Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 17 кызматкер, милиция кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, жакындары чыгып, бүгүн, 15-январда саат 15:57де ошол эле Мурас-Ордо конушунун аймагынан табышкан.

Жарыяланган сүрөттөргө караганда, ал конуштун четиндеги сууга түшүп кетип, чыга албай калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM