Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Балыкчыда музга түшүп кеткен балдарды куткарган кызматкер сыйлык алды

Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 255 | 0

Балыкчы шаарындагы муз тээп жатып, сууга кирип кетишкен балдарды куткарып калган участкалык милиция кызматкери, улук лейтенант Амантур Бакиров «Каармандык» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Амантур Бакировду сыйлоо тууралуу буйрукка ички иштер министри Улан Ниязбеков кол коюп, медалды орун басары Адылбек Бийбосунов тапшырган.

Сыйлык тапшыруу салтанатына улук лейтенант Амантур Бакировдун атасы, отставкадагы подполковник Кермакун Давлетбаев да келген.

Эске салсак, 8-январда Балыкчы шаарынын Озерный көчөсүндөгү көлмөдө бири он жаштагы, бири он эки жаштагы эки бала муз тээп жатышып, сууга түшүп кетишкен. Окуя болгон жерге Балыкчы шаардык милициясынын кызматкерлери барып, улук лейтенант Амантур Бакиров сууга кирип, балдарды алып чыккан.

Амантур Бакиров буга чейин да өз жанын кыюу максатында сууга боюн таштамакчы болгон кызды куткарып калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM