Connect with us

Жалал-Абадда базардын ээси кирешесин жашырууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 152 | 0

Жалал-Абад шаарындагы базар комплекстердин биринин ээси И.Н.А. «ижара акыны негизсиз жогорулатып, кирешесин жашырган» деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Алдамчылык жана салык төлөөдөн качуу боюнча УКМК кызматкерлери Жалал-Абад шаарындагы базарларга иликтөө жүргүзгөн. Андан белгилүү болгондой, И.Н.А. бир нече жылдан бери ижарачылардын көз каранды абалынан пайдаланып, ижара акысын системалуу түрдө жогорулаткан. Ага макул болбогон соодагерлерди келишимди бузуу, күркөсүн алып коюу шарттары менен коркутуп турган. Аны менен катар ижара акынын анык суммасын жашырууга мажбурлаган.

Мунун натыйжасында базар-комлекстин ээси салык отчётторунда азайтылган сумманы көрсөтүп келген. Ошондой эле шектүү И.Н.А. ижарачылар менен салык органдарына ортомчу болуп, соодагерлер төлөгөн акчанын кандайдыр бир бөлүгүн ээлеп алып турган. Базар-комплекстин ээсинин мындай кылмыштуу аракетинен мамлекет 10 миллион сомдон ашуун зыян тарткан.

Айтылган фактылардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (алдоо же ишенимин кыянат пайдалануу аркылуу башка бирөөнүн ири өлчөмдөгү мүлкүн ээлеп алуу) менен иш козголуп, шектүү И.Н.А. убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM