Биз менен байланышыңыз

Исландияда жанар тоо жарылып, лавасы шаарды каптап жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 403 | 0

Исландиянын Рейкьянес жарым аралында жанар тоо жарылып, лавасы Гриндавик шаарын кошо каптады. Бул тууралуу жергиликтүү RUV телеканалы сайтына жазды.

Маалыматка ылайык, жекшемби күнү Гриндавикке жакын жерде эки жарака пайда болгон. Алардын бири шаардан 50-100 метр алыстыкта жайгашып, жаракадан лава агып чыга баштаган.

Лаваны шаарга жеткирбөө үчүн көрүлгөн чаралардан майнап чыкпай, натыйжада үч турак жайды өрт каптаган.

«Инфратүзүмгө коркунуч жаралганы менен элдин өмүрү коркунучта эмес», — деп жазды Исландиянын президенти Гвюдни Йоуханессон «Твиттердеги» баракчасында.

Гриндавик шаарында 4 миңге жакын адам турат. Ушундай эле жанар тоо өткөн жылы 18-декабрда да атылган. Ал учурда бийлик жергиликтүү калкты коопсуз жайга көчүрүп чыгарган. Бирок кийинчерээк 200дөй адамга кайра келип жашоосуна уруксат берилген.

Исландияда 33 активдүү жанар тоо системасы бар. 2021-жылдан бери Рейкьянес жарым аралында 4 жанар тоо атылган.

Даярдаган: Назайым Тилевалдыева 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM