Биз менен байланышыңыз

Казакстанда эң ири онлайн-казинолор тармагы жабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 274 | 0

Казакстанда лотореялык клуб атын жамынган эң ири онлайн казинолор тармагы ишин токтотту. Бул тууралуу Polisia.kz. маалымат порталы жазды.

Казакстандын Башкы прокуратурасынан уруксат алышкан Улуттук коопсуздук комитети менен Ички иштер министрлиги  лотоклубдарга 570 ирет тинтүү жүргүзүшкөн.

Текшерүү учурунда оюн-зоок жайларынын ишине криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү да аралашып, кызматкер-жумушчуларга, кардарларга карата кылмыштуу иштер жасалганы аныкталган. Андан тышкары VIP-кардар деп эсептелгендерге интимдик тейлөөлөрдү уюштуруп берип турушканы, сутенерлик, баңгизат колдонуу кадимки көрүнүшкө айланганы далилденген.

Тинтүүнүн натыйжасында 23 курал-жарак, 247 миллион теңге, 55 миллион рубль, 125 миллион доллар, ошондой эле документтер, компьютердик техника жабдуулары, мобилдик түзүлүштөр алынган. Жалпысынан 326 лотоклуб жабылып, онлайн-казино таратуучу чет элдик серверлерге бөгөт коюлган.

«Сотко чейинки тергөөнүн жүрүшүндө бир эле аймактагы казинонун бир айлык кирешеси орто эсеп менен 300 миллион теңге (663,8 миң доллар), жалпы аймак боюнча киреше 6 миллиард теңгеге (13,2 миллион доллар) жеткени аныкталган. Ошол эле учурда каражаттын 70%га жакыны чет өлкөгө которулган. Мисалга алсак, чет элдик уюштуруучулардын биринин эле банк эсебине ай сайын 900 миллионго жакын теңге (1,9 миллион доллар) түшүп турган», — деген Казакстандын ички иштер министри Куандык Алпыс.

Текшерүү маалында 400дөн ашуун адам полиция жана УКК бөлүмдөрүнө алып келингени, булардын ичинен сегиз адам кылмыштуу схеманы уюштурууга шектелип жатканы айтылат маалыматта.

Даярдаган: Жумаида Тагайбек кызы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM