Биз менен байланышыңыз

И. Арабаев атындагы КМУнун окуу корпусу орто мектепке айланды (сүрөттөр)

Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 423 | 0

Бүгүн, 15-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү Бишкек шаарындагы №62 билим берүү комплексинин жаңы имаратынын ачылыш салтанатына катышты.

Мектептин кошумча имараты 1500 окуучуга ылайыкташып, бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Аны менен катар алты жаштагы балдарды мектеп даярдоо үчүн да бөлмөлөр бөлүнүп берилген. Имаратты мектепке айландырууга жалпы 227 млн 700 миң сом жумшалган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын түшүндүрмөсүнө караганда, былтыр бул жерге мамлекет башчысы келип, тез арада имаратты Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүү тапшырмасын берген.

Айта кетсек, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин карамагында болгон бул имаратты алгач «Ататүрк – Ала-Тоо» университети (учурда «Ала-Тоо» эл аралык университети) ижарага алып пайдаланып келген. Окуу жай Анкара көчөсү, 1/10 дарегиндеги жаңы комплексине көчүп кеткенден кийин И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институту жайгаштырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM