Биз менен байланышыңыз

Германиянын Орусияга каршы согушка даярданып жатканы айтылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 508 | 0

Германия НАТО менен Орусиянын ортосунда боло турган согушка даярданып жатат. Бундесвердин жашыруун документтеринен алынган бул маалыматты Bild сайты жарыялаганын «РИА Новости» агенттиги жазды.

Жашыруун документте ушул жылдын февраль айында Орусия Украина куралдуу күчтөрүнүн коргонуу тилкелерине жигердүү чабуулга өтөрү, ал согуш украин жоокерлеринин артка чегиниши менен аяктаары да болжолдонуп жатканы жазылган.

НАТОнун кол башчысы ушундан кийин гана 300 миң жоокерди Чыгыш флангага жайгаштырууга буйрук берери, арасында Германиянын 30 миң жоокери да болору, Орусия-НАТО согушу болжолдо 2025-жылдын соңунда башталышы мүмкүн экени айтылат маалыматта.

Кагылыш Беларусь мамлекети менен Орусиянын Калининград облусун байланыштырган Сувалки коридорунда болору болжолдонууда. Согуш качан аяктай турганы боюнча маалымат берилген эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM