Биз менен байланышыңыз

ИИМ кызматкерлери ишкерди ажалдан арачалап калышты

Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 238 | 0

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери оор кылмыштын алдын алышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына облус борборунда ишкерлик менен алектенген жаранды өлтүрүп, мүлкүн тоноп кетүүгө даярдык көрүлүп жатканы боюнча маалымат түшкөн.

Алынган кабарга караганда, башкы уюштуруучу катары шектелип жаткан адам кылмыш жасоого шерик издеп, тааныштарына байланышка чыккан. Акыры ири суммадагы акча берүү шарты менен бирөөнү көндүргөн.

Бул боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (адам өлтүрүүгө даярдык көрүү) жана 112-беренесинин 10-бөлүмү (каракчылык, опузалап талап кылуу же террордук акт менен коштолгон адам өлтүрүү) менен иш ачып, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына кандуу окуяны болтурбоо тапшырмасы берилген.

Мунун негизинде атайын операция уюштурулуп, башкармалыктын ыкчам кызматкерлери 13-январдын түнүндө шектүүлөр 1964-жылы туулган К.Р.ны жана анын шериги Ш.В.ны кылмыш үстүнөн кармашкан.

Тергөөнүн алдын ала маалыматына караганда, кылмышты уюштуруучу катары шектелип жаткан К.Р. мурда да соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп чыккан. Учурда тергөө андан ары уланып жатканы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM