Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жол кирени көтөрүү белгисиз мөөнөткө калды

Кыска кабар | 15 Янв 2024 | 143 | 0

Бишкекте жол кирени көтөрүү белгисиз мөөнөткө калды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Алынган маалыматка караганда, майрамга даярдануу, андан кийинки эс алуу күндөргө байланыштуу тарифти жогорулатуу боюнча токтом даярдалбай калган.

Бишкек шаарындагы коомдук унааларга жол кирени жогорулатууну сунуштаган мыйзам долбоорун 27-декабрда Бишкек шаардык кеңеши колдоп берген.

Кабыл алынган мыйзамдагы тартипке ылайык, бул жаатта мэрия токтом чыгарып, ал кол коюлгандан 15 күндөн кийин күчүнө кирмек.

Мыйзамга ылайык, Бишкектеги автобус-троллейбустарга жол кире төмөнкүдөй тартипте бекитилмек:

  • Накталай төлөм — 20 сом;
  • «Тулпар» картасы менен төлөм — 17 сом;
  • Megapay тиркемеси менен төлөм — 11 сом.

Ал эми маршруттук кичи бустарга жол кире 20 сомдон болору көрсөтүлгөн.

Айта кетсек, буга чейин Бишкек шаарында жол кире 15-январдан тарта жогорулай турганы кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM