Биз менен байланышыңыз

Эл аралык олимпиадада «Сапаттын» окуучулары жана мугалимдери алтын утту

Кыска кабар | 14 Янв 2024 | 180 | 0

Кыргызстандык 4 мугалим Эл аралык Жаутыков олимпиадасы менен катар өткөрүлгөн IMPACT математика, физика жана информатика мугалимдеринин жана машыктыруучулардын олимпиадасында 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Эл аралык олимпиада мугалимдердин жана окуучулардын арасында болгон 

Мугалимдердин арасынан медалга ээ болгон окутуучулар:

Худайберди Гурдов, Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинен, физика предмети боюнча алтын медаль;

Талант Арыстанов, Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинен, информатика предмети боюнча күмүш медаль;

Марат Ишматов, «Газпром Кыргызстан» мектебинен, математика предмети боюнча күмүш медаль;

Азат Исмаилов, Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинен, физика предмети боюнча коло медаль;

Доктурбек Кудашов, Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинен физика предмети боюнча коло медаль.

Ал эми Кыргызстандык окуучулар математика, физика жана информатика боюнча XX Эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасында 4 күмүш медаль, 13 коло медаль жеңип алышты.

Олимпиада 8-январдан 13-январга чейин Алматы шаарында өтүп, ага 16 өлкөдөн 700дөн ашуун окуучу катышты

Copyright © 2017 Maral FM