Биз менен байланышыңыз

Талапка жооп бербейт: Кара-Балта шаарындагы мал базар жабылды

Кыска кабар | 13 Янв 2024 | 155 | 0
Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды

Кара-Балта шаарындагы «Эркин» мал базары жабылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Министр Бакыт Төрөбаев облустардын, райондордун жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, малдан жугуучу оорулар, тамак-аш коопсуздугу сыяктуу чаралар боюнча бир катар тапшырмаларды берген.

Министрдин тапшырмасынын жана Ветеринардык кызматтын көрсөтмөсүнүн негизинде Жайыл районунун акими Кара-Балта шаарындагы «Эркин» мал базарын жаап салууга буйрук чыгарган.

Жергиликтүү бийлик бардык талапка жооп бере тургандай жаңы мал базар куруу үчүн жер бөлүп бергени кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM