Биз менен байланышыңыз

Аялын пайдаланып, ар кимден акча өндүрүүгө шектүү кармалды (видео)

Кыска кабар | 13 Янв 2024 | 133 | 0

Бүгүн, 12-январда «аялын пайдаланып, жигиттерден акча өндүргөн» деген шек менен А. уулу Н. аттуу адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалым болгондой, 1993-жылы туулган Ноокат районунун тургуну А. уулу Н.нын аялы А. күйөөсүнүн көрсөтмөсү аркылуу «Одноклассики» социалдык тармагынан А.Н. аттуу жигит менен таанышып, жашыруун жолугушууга чакырган.

Жигит келин менен жолугушуп отурганда, «кызганчаак күйөө» кирип келип, жигитти сабап, «Дэу-Нексия» унаасын тартып алган да, 100 миң сом талап кылган.

Жабырлануучу А.Н. бул боюнча арыз жазып, анын негизинде УКМК иш козгогон.

Ушундай эле жол менен А. башка да жаш жигиттерге таанышып, Кызыл-Кыя шаарындагы «Алия» кафесине чакырган. Мурдагыдай эле план менен күйөөсү А. уулу Н. жигиттерди коркутуп жаткан учурда УКМК кызматкерлеринин колуна түшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча А. уулу Н. «Женго» каймана ысымдуу Кадыр Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон. Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү), 168-беренеси (каракчылык), 174-беренеси (жаш балдарды кылмыштуу жолго тартуу) менен соттолгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM