Биз менен байланышыңыз

Япониядагы жер титирөөдөн каза тапкандар 220дан ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2024 | 227 | 0

Японияда болгон зилзаладан каза тапкандардын саны 220дан ашты. Бул тууралуу NHK телеканалы сайтына жазды.

Андан тышкары 1014 адамдын ар кандай түрдөгү жаракат алганы, талкаланган үйлөрдүн эсеби 11 миң 300гө жеткени кабарланды.

Жыл жаңырган 1-январда Япониянын Исикафа префектурасында бир нече ирет силкинүү болуп, алардын эң күчтүүсү 7,6 баллга жеткен. Жер титирөөлөрдөн деңиз ташып, аймакты цунами каптаган. Анын кесепетинен 56 миңден ашык үй суусуз, дагы бир канча имарат электр жарыгысыз калган.

Япония бийлиги 22 миңден ашык адамды көчүрүп чыгарууга үлгүргөн. Учурда 383 ыкчам жардам көрсөтүү пункту ачылып, бир нече кызматкер издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM