Биз менен байланышыңыз

АКШ Йемендеги «Ансаруллах» кыймылына кайрадан сокку урду

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Янв 2024 | 208 | 0

АКШ Йемендеги хуситтер жайгашкан жайга дагы бир жолу сокку урду. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги жазды.

Айта кетсек, Израилдин Палестинадагы Газа тилкесине соккуларын айыптаган Йемендеги «Ансаруллах (хуситтер)» кыймылы өткөн жылдын ноябрь айынан бери Кызыл Деңиздеги соода кемелерине кол салып келишет. Хуситтердин 9-январдагы соода кемелерине урган соккусунан элүүдөн ашык мамлекет жабыркаган.

Буга байланыштуу АКШ менен Улуу Британия хуситтер жайгашкан базаларга абадан чабуулга өткөн. Кечээ, 12-январда АКШ «Ансаруллах» кыймылынын 60тан ашык обьектисиндеги 28 бутасына: радарларга, аба чабуулунан коргонуу системаларына, аскердик кампаларына, дрон учура турган жайларына сокку урган. Андан хуситтердин беш жоокери каза таап, алты аскери жарадар болгону кабарланды.

АКШ президенти Жо Байден хуситтер соода кемелерине чабуулун токтотпосо, сокку уланта берерин билдирди. Ал эми «Ансаруллах» кыймылы Израиль Палестина менен тынчтык келишимине келмейинче, Баб-аль-Мандаб кысыгынан кемелерге чабуул токтобой турганын эскертти.

Учурда соода кемелерине чабуул дале уланып жатат. Кол салуулардан Израилге тиешеси жок кемелер да кыйроого учурап жатканы айтылууда. Мындан улам деңиз аркылуу жүк ташыган компаниялар ишин убактылуу токтотууга мажбур болушууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM