Биз менен байланышыңыз

«Кыргызавтожол» кар тазалаган, кум чачкан жабдууларды сатып алды

Кыска кабар | 13 Янв 2024 | 83 | 0

Кар тазалап, кум-туз аралашмасын чачкан атайын жабдуулар алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Министрликке караштуу «Кыргызавтожол» ишканасы менен «Экспресс Деливери» компаниясы түзгөн келишимдин негизинде жалпы суммасы 56 млн 478 миң сомго 30 даана кар күрөгөн калак, 30 даана кум-туз чачкан жабдуулар алынган.

Айта кетсек, буга чейин ашууларда, жолдордо кум-туз аралашмасы кол күрөк менен чачылып келген. Мындан ары бул ишти атайын жабдуу аткарары айтылды.

Министр Тилек Текебаевдин маалыматына караганда, «Кыргызавтожол» ишканасы 2023-жылы Howo үлгүсүндөгү унааларды сатып алган. Оор жүк ташуучу унаалар жылдын үч мезгилинде гана иштеп, кышкысын токтоп калчу. Мындан улам жабдуулар ушул унааларга чиркелип берилген. Тактап айтканда, Howo оор жүк ташуучу унаалары менен кышында кар тазалоо, кум-туз себүү иштери аткарылса, калган мезгилдерде чиркелген жабдууну чечип коюп, жүк ташуу ишин уланта берет.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын ноябрь айында өлкөгө 32 техника алынып келинсе, 2023-жылы 265 жаңы техника жеткирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM