Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жаңы автобекет ишин баштады

Кыска кабар | 13 Янв 2024 | 281 | 0

Бишкек шаарында жаңы автобекеттин курулушу аяктап, ишке берилгенин мэриядан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, учурда «Бишкек – Түп», «Бишкек – Жети-Өгүз» каттамдары боюнча автобустар, кичи автобустар жүргүзүлө баштады.

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт» ишканасы борбордогу №211, №123, №104 и №285 маршруттук каттамдардын жүрүү тилкеси жаңы автобекетке чейин узартылганын маалымдады.

Алматы көчөсү менен айлампа жолдун кесилишине түшкөн бул автобекет учурдагы Чыгыш автобекетин сыртка көчүрүү максатында курула баштаган.

Бишкектеги «Ош» базары, Батыш жана Чыгыш автобекеттери шаардын сыртына чыгарылары буга чейин кабарланган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM