Биз менен байланышыңыз

УКМК: Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө коррупция аныкталды (видео)

Кыска кабар | 12 Янв 2024 | 151 | 0

Талас облусунун Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп, мугалимдердин, тарбиячылардын эсебинен аванс катары мыйзамсыз акча которушканы аныкталган. Которуулардын жалпы суммасы 11 млн сомдон ашкан.

Бул кылмышка шектүү катары Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Б.Т. кармалып, УКМКнын Талас облустук ички иштер бөлүмүнүн тергөө абагына камакка алынган.

Учурда ишке катышы бар башка адамдарды да аныктоо, мамлекет тарткан зыяндын ордун толтуруу иштери жүрүп жатканы айтылды.

Айта кетсек, Эсептөө палатасы Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн 2022-2023-жылдардагы каржысына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын жарыялаган.

Алар берген маалыматка караганда, бөлүмдө жалпысынан 11 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу болгон. Тактап айтканда, билим берүү мекемелеринде эмгектенгендердин карточкаларына 2022-жылы 9 млн 408 миң 900 сом, 2023-жылы 1 млн 621 миң 800 сом мыйзамсыз которулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM