Биз менен байланышыңыз

Сокулуктагы «жер мафиясын» уюштурууга шектелген беш адам камалды (видео)

Кыска кабар | 12 Янв 2024 | 290 | 0

Сокулук районундагы «жер мафиясын» уюштурууга шектелип, беш адам камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМК кызматкерлери Чүй облусундагы жерлердин мыйзамсыз сатылышы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен иш ачып, тыкыр иликтөө жүргүзгөн. Анын негизинде «Сокулук районунда жер мафиясын уюштурган» деген шек менен «гектарщиктер» жана «Кадастр» ишканасынын кызматкерлери камакка алынган.

Атап айтканда, камакка алынгандар:

  • Ж.Н.К. — 1972-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган, «гектарщиктердин» бири, «жер мафиясынын» жана коррупциялык схеманын уюштуруучусу, Чүй облусунда 300 гектардан ашык жерге ээлик кылат;
  • Ж.М.Ж. — 1975- жылы Ак-Талаа районунда туулган, «гектарчылардын» бири, Ж.Н.К.нын адамы;
  • Д.М.Э. — 1981-жылы Сокулук районунда туулган, мурдагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын жооптуу кызматкери;
  • А.Б.С. — 1972-жылы Сокулук районунда туулган, жогоруда айтылган мекемеде иштейт;
  • О.А.К. — 1965-жылы Аламүдүн районунда туулган, жогоруда айтылган мекемеде бөлүм башчы болгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Сокулук районунун ВОССТ-2 конушундагы 15 гектар жер Ж.Н.К.нын адамдарына мыйзамсыз өткөрүлүп берилгени аныкталган. Белгилүү болгондой, 15 гектар жер 4 сотыхтан 300 тилкеге бөлүнүп, ар бири орто эсеп менен 8 миң доллардан сатыкка коюлган.

Ушул эле Ж.Н.К. Военно-Антоновка айылындагы 100 гектар жерди, Рухий-Мурас конушундагы 200 гектар жерди мыйзамсыз ээлеп турат. Бул жерлерди тилкеге бөлгөндө, орто эсеп менен 81 млн доллар (7 млрд 249 млн 500 миң сом) түшөт.

Ошол эле учурда мамлекеттик жана жеке менчиктен жер тилкелерин мыйзамсыз алып коюу, аларды сатуу максатында «жер мафиясы» тарабынан мыйзамсыз ээлеп алуу коррупциялык схемалары бар экени тастыкталган. Атап айтканда, «Кадастрдын» Сокулук филиалынын, жергиликтүү бийликтин, мамлекеттик жана жеке менчик нотариустардын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, жер тилкелерине жасалма документтер берилип, кийинчерээк жеке турак жай куруу үчүн мамлекеттик актылар чыгарылган.

Белгилей кетсек, Ж.Н.К. мыйзамсыз алынган жер тилкелерин сатуу мүмкүнчүлүгүн тездетүү максатында айрым адамдарга акча төлөп, нааразычылык акцияларын уюштурууга да шектелип жатат.

Маалым болгондой, 2023-жылы жаз-жай айларында ВОССТ-2 конушундагы жерлерди трансформациялап берүүнү тездетүү талабын коюп, Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккандар ушул Ж.Н.К.нын жалданма адамдары болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM