Биз менен байланышыңыз

Аймактардагы бир нече калктуу конуш айыл макамын алат

Кыска кабар | 12 Янв 2024 | 200 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясы маалымдады.

Мыйзамды Министрлер кабинети демилгелеп, 2023-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеш кабыл алып берген.

Мыйзамга ылайык, эми Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагына караган Момунов; Кадамжай шаарына караган Жаңы-Жер, Жийделик; Кадамжай районундагы Исхак-Полотхан айыл аймагына караган Келечек; Ош шаарына караган Качыбек, Мээркан, Татар; Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл аймагына караган Кайрагач; Мады айыл аймагына караган Достук, Кызыл-Тал; Ноокат районундагы Т. Зулпуев айыл аймагына караган Калдай; Сокулук районундагы Кызыл-Туу айыл аймагына караган Исмаил; Түп районундагы Сары-Булак айыл аймагына караган Келечек конуштары айыл макамын алат.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM