Биз менен байланышыңыз

Бишкекте тыгынды азайтуу үчүн «акылдуу жол чырактар» коюла баштады (сүрөт)

Кыска кабар | 12 Янв 2024 | 150 | 0

Бишкекте жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системасы — «акылдуу жол чырактар» орнотула баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 12-январда мэр Айбек Жунушалиев Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишине «акылдуу жол чырактарды» орнотуу иштери менен таанышып, убагында бүткөрүү тапшырмасын берди.

Мэрия берген маалыматка караганда, бул жол чырактар унаа агымын автоматтык түрдө эсептеп, жөнгө салып турат. Ошондой эле свет өчүп калган учурда да, 4-5 саатка чейин иштей берет.

Долбоор учурда Аалы Токомбаев, Байтик Баатыр, Абдрахманов көчөлөрүндө башталган. Алгачкы этапта 21 көчөнүн кесилишине, экинчи этапта 100 көчөнүн кесилишине ушундай жол чырактар коюлат. Жалпысынан 350 көчөнүн кесилишине орнотуу мерчемделген.

Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган системаларын ишке киргизүү тыгынды азайтып, жол жүрүү убактысын кыскартып, айдоочуларга жана шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM