Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештер жоюлат

Кыска кабар | 11 Янв 2024 | 151 | 0

Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештер жоюлат. Бул тууралуу Президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Бүгүн, 11-январда Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» мыйзамды күчүн жоготту деп тааныган документке кол койгон.

Документ расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Айта кетсек, «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» мыйзам 2014-жылдын 24-майында кабыл алынган. Ага ылайык, министрликтердин, комитеттердин, райондук, облустук, шаардык администрациялардын жана башка органдардын алдында коомдук кеңештер түзүлгөн.

Кеңештин мүчөлөрү ар эки жылда шайланып, милдети эл менен бийликтин байланышын чыңдоо, мекемеде жаралган маселелерди чечүү жолдорун сунуштоо болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM