Биз менен байланышыңыз

Министр: Энергетика боюнча эң көп инвестиция Ысык-Көлгө келүүдө

Кыска кабар | 11 Янв 2024 | 181 | 0

Энергетика тармагы боюнча Ысык-Көлгө көп инвестиция тартылып жатат. Бул маалыматты министр Таалайбек Ибраев облуска жасаган иш сапарында билдирди.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Ысык-Көл облусунун жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров Балыкчы шаарында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда жашыл энергетика тармагы талкууланып, Чакан ГЭС, Күн, шамал электр станцияларын курууга жер бөлүп берүү маселелери каралды.

«Башка региондорго салыштырмалуу энергетика тармагы боюнча Ысык-Көл облусуна көп инвестиция тартылып жатат. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек», — деди министр.

Маалыматта Ысык-Көл облусуна Күн электр станциясын куруу үчүн «Солар Энержи», «Күн булагы», Молин Энержи», «Юнигрин», «Кыргыз Пауэр», «Чайна Пауэр», «Чайна Релвей» компаниялары менен келишим түзүлгөнү айтылат. Учурда жер тилкери бөлүнүп берилип, курулуш иштери башталуу алдында турганы белгилүү болду.

Мындан тышкары министр Көк-Мойнок, Тору-Айгыр айыл аймактарындагы станция курула турган жер тилкелерин, «Кыргыз көмүр» ишканасынын Балыкчыдагы «Ысык-Көл Кемечилик» филиалын барып көрүп, тиешелүү тараптарга тапшырмаларды берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM