Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге мартта кол коюлушу мүмкүн»

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Янв 2024 | 338 | 0

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимге ушул жылдын март айында кол коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидандын Тажикстанга жасаган сапарында кеп козголду.

Haberler маалымат агенттигинин жазганына караганда, Түркиянын тышкы иштер министри Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушкан. Аңгемелешүү учурунда Хакан Фидан: «Чек ара маселелерин жөнгө салууда Кыргызстан менен Тажикстандын макулдашууга жетишкени, келишимге март айында кол коюлары болжолдонуп жатканы тууралуу жакшы кабар алдык», — деген.

Хакан Фидан Түркия «боордош өлкө катары» Борбор Азиядагы коопсуздукту жана туруктуулукту сактоодогу маанилүү кадам катары саналган эки мамлекеттин тынчтык келишимине чоң маани бере турганын да кошумчалаган.

Ошондой эле март айында Тажикстан менен Кыргызстан өз аймактарынын коопсуздугу жана тынчтыгы үчүн чек ара чатагына расмий чекит коюшарына ишенемин билдирген.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасы боюнча жолугушуулар өткөн жылы Кыргызстандын жана Тажикстандын аймагында бир канча ирет өткөрүлдү. Соңку маалыматтар боюнча кыргыз-тажик чек арасы боюнча 90%дан ашык жер такталып бүткөн.

Даярдаган: Жумаида Тагайбек кызы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM