Биз менен байланышыңыз

«Фейсбукка» чагымчыл пост жазууга шектүүнүн ишине бөгөт коюлду

Кыска кабар | 11 Янв 2024 | 201 | 0

«Фейсбук» социалдык тармагына чагымчыл материалдарды жарыялап жүрүүгө шектүү адамдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматта К.К. аттуу «Фейсбук» колдонуучу айрым адамдар тууралуу сөз кылууда аймактык өзгөчөлүктөрүнө басым жасап, тынчтыкка, ынтымакка доо кетире турган постторду жазып келгени айтылат.

Бул аракеттер мыйзамда каралган кылмыш иш болуп саналарын белгилеген УКМК кызматкерлери адамдын үйүнө тинтүү жүргүзүп, уюлдук телефонун алып коюшкан.

Учурда тергөө жүрүп жатканы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM