Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дагы эки көчө бир тараптуу болот

Кыска кабар | 11 Янв 2024 | 134 | 0

14-январдан тарта Бишкектеги бир тараптуу жолдорго дагы эки көчө кошулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек мэриясына караштуу Транспорт департаментинин чечимине ылайык, Исхак Раззаков жана Абдыкадыр Орозбеков көчөлөрү бир тараптуу болот. Бир жактуу тилке Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө киргизилип, Исхак Раззаков көчөсүнөн түндүктөн түштүккө карай, Абдыкадыр Орозбеков көчөсүнөн түштүктөн түндүккө карай жүрүүгө болот. Учурда тиешелүү белгилер орнотулуп жатканы кабарланды.

Алдыда Калык Акиев көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүн, Касым Тыныстанов көчөсүнүн Михаил Фрунзе көчөсүнөн Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн да бир тараптуу тилкеге өткөрүү чаралары иштелип жатканы айтылды.

Ошол эле учурда 2016-жылдын 20-февралынан тарта бир тараптуу тилкеге өткөн Төрөбай Кулатов көчөсүнүн Иван Панфилов көчөсүнөн Яков Логвиненко көчөсүнө чейинки аралыгы, 2015-жылдын 28-июлунан тарта бир тараптуу тилкеге өткөн Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнүн Эркиндик проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыгы кайрадан эки тараптуу болот.

Айта кетсек, буга чейин 4 көчөгө бир тараптуу кыймыл уюштурулган:

Николай Гоголь көчөсүнүн Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки аралыгы;

Акматбек Сүйүмбаев көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки аралыгы;

Жусуп Турусбеков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки аралыгы;

Темиркул Үмөталиев көчөсүнүн Жибек Жолу проспектинен Москва көчөсүнө чейинки аралыгы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM