Биз менен байланышыңыз

Мексика аркылуу АКШга үч айда 300 миң мигрант кирген

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Янв 2024 | 251 | 0

Мексика чек арасы аркылуу АКШга үч айда 300 миң мигрант кирген. Бул рекорддук көрсөткүч экенин FOX News жазды.

2023-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейинки аралыкта АКШда болгон мигранттардын саны 785 миңди түзгөн. Бул өтө чоң көрсөткүч. Ал эми АКШнын территориясына Мексика аркылуу кирген мигранттардын саны 302 миңди түзүп, жаңы рекорд койду

Мигранттардын бул чоң агымына республикачылар экс-президент Дональд Трамптын саясатынын аякташы себеп болгонун айтышууда. Мындан улам алар президенттик админстрациядан мигранттардын агымын токтотууга катаал саясат иштеп чыгууну талап кылууда.

Ал эми президенттик админстрация, мигранттардын мындай агымы дүйнөдө болуп жаткан баардык көйгөйлөргө байланыштуу экенин айтып, Конгресс тарабынан иммиграциялык реформага муктаж экендигин айтып, республикачылардын айыптоолорун четке кагышууда.

Даярдаган: Жумаида Тагайбек кызы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM