Connect with us

Сеид Атамбаев: Атамдын атын чагымчыл аракеттерге пайдаланбагыла

Кыска кабар | 11 Янв 2024 | 223 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев «Фейсбуктагы» баракчасына атасы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин атын чагымчыл аракеттерге пайдаланбоого чакырган билдирүү жарыялады.

«Урматтуу достор! Акыркы күндөрү атайын провокацияга түрткөн жана жаштарды саясий кызыкчылыкка колдонуу максатында видео, посттор жарыяланып жатат. Официалдуу түрдө айтат элем, атабыз Атамбаев Алмазбек Шаршенович бүгүнкү күнгө чейин ден соолугу менен алышып жатат, жакынкы арада Кыргызстанга келбейт!» — деп жазды депутат.

Сеид Атамбаев чагымчыл маалыматтарды ички же сырткы душмандары гана пайдаланышы мүмкүн экенин эскертип, элди ынтымакка чакырды.

2011-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстандын мамлекет башчысы болгон Алмазбек Атамбаев 2019-жылы «Батукаев иши» боюнча камакка алынган.

Мурдагы президентти Кой-Таштагы үйүнөн кармоо учурунда бир укук коргоо кызматкери курман болгон. Бул жана башка окуялар боюнча иш козголуп, бир нече айып коюлган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2023-жылы 14-февралда Алмазбек Атамбаевди абактан бошотуп, чет өлкөдөн дарылануусуна уруксат берген. Анын негизинде мурдагы президент 15-февралда Испанияга учуп кеткен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM