Биз менен байланышыңыз

Назарбаевдин жээни мамлекетке 1,4 млрд долларды кайтарды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Янв 2024 | 247 | 0

Казакстанда коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ишкер Кайрат Сатыбалды мамлекетке 650 млрд теңгени (1,4 млрд доллар) кайтарганын билдирди. Бул тууралуу Tengrinews порталы жазды.

Департаменттин расмий өкүлү Арман Тлеукановдун айтымында, Кайрат Сатыбалдыга карата кирешелерди легалдаштыруу боюнча 218-берененин негизинде тергөөгө чейинки иликтөө иштери жыйынтыкталган.

Тлеуканов ишкер Кайрат Сатыбалды мыйзамсыз байыганын айтып, анын иши сотко өткөнүн да кошумчалады.

Кайрат Сатыбалды Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин жээни. 2022-жылы март айында ал «Казактелеком» байланыш операторунун кирешелерин өзүнө чегерип алууга, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип камакка алынган. Ал «Казактелеком» акцияларынын 24%нан ашыгына ээлик кылуучу Skyline Investment офшор компаниясын негиздегени белгилүү болгон.

Ал 2022-жылдын сентябрында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыптуу деп табылып, мал-мүлкү конфискацияланып, 6 жылга камалган. Ал өз айыбын мойнуна алганы үчүн жана келтирилген зыяндын ордун толуктаганы үчүн жазасы жеңилдетилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM