Connect with us

«Баткен-Комфорт» базарынын 64,38% акциясы мамлекетке өткөрүлдү

Кыска кабар | 11 Янв 2024 | 325 | 0

«Баткен-Комфорт» базарынын акцияларын көзөмөлдөө мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК берген маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Аскарбек Шадиев парламенттеги Мүлк боюнча комитеттин төрагасы кызматынан пайдаланып, Бишкек шаарынан 3 гектар жерди арзан баада алып, «Баткен-Комфорт» базарын ачып, туугандарынын атына каттап койгон.

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн Аскарбек Шадиевдин мүлкүн конфискациялоо иштери жүрүп жатат. Анын алкагында базардын 64,38% акциясына ээлик кылган БГАТП жабык акционердик коомунун жетекчилери Суханкул Шадиев менен Махамат Шадиев өз үлүштөрүн көзөмөлдөөнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп беришкен.

Фонд негизги акционер катары «БГАТП» ЖАКтын жетекчилигин алмаштырган. Ушул жылдан тарта базардагы соодагерлер ижара акысын мамлекетке төлөп, мындан бюджетке айына 10 миллион сомго жакын киреше түшүп турат.

УКМК базардын Асел Шадиеванын (Аскарбек Шадиевдин жубайы) наамына катталган акцияларын да мамлекетке алуу чаралары көрүлүп жатканын, иш сотко өткөрүлгөнүн маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM