Connect with us

Акылбек Жапаров ректорлорго бир катар тапшырмаларды берди

Кыска кабар | 10 Янв 2024 | 285 | 0

Бүгүн, 10-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрдү.

Отурумга билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева да катышты. Анда облустардагы ЖОЖдор өз аймактарын өнүктүрүү планын иштеп чыгышы керектиги, татыктуу адистерди даярдоо зарылдыгы айтылды.

«Ар бир аймактык университет өзүнүн профессордук-окутуучулук курамын пайдаланып, өлкөнүн райондорун өнүктүрүү планын, ал гана эмес, ар бир айыл өкмөттү өнүктүрүү планын даярдоосу керек. Илим экономиканы, өнөр жайды өнүктүрүүгө көмөктөшүшү зарыл, анализдеп, болжолдоп, дайыма бир кадам алдыда болушу керек. ЖОЖдор Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү менен тыгыз иштешип, ректорлор ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн коллегиясынын курамына кириши керек.

Баарыңыздарга маалым болгондой, өлкөдө ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырыла баштады, 100гө жакын ишкананын ачылышы күтүлүүдө. Тиешелүү кадр резерви болушу керек, ошондуктан Билим берүү министрлиги жана ЖОЖдор муну өзгөчө эске алып, тиешелүү адистерди даярдоосу зарыл. IT тармагындагы адистерди даярдоого да өзгөчө көңүл буруу керек», – деди Акылбек Жапаров.

Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM