Биз менен байланышыңыз

Түркиянын тышкы иштер министри менен эмне маселелер талкууланганы айтылды

Кыска кабар | 10 Янв 2024 | 179 | 0

Кечээ, 9-январда Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстанда расмий сапары менен болду. Анын алкагында кыргызстандык кесиптеши Жээнбек Кулубаев менен жолугушуп, тар форматтагы сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык пландоо боюнча биргелешкен тобунун 6-жыйынын өткөрүштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Министрлер сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аскердик-техникалык жана аскердик-коргоо жаатындагы жигердүү кызматташтыкты жана аны андан ары да кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн белгилешкен.

Ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ишмердиги, «Маариф» мектептеринин аймагын кеңейтүү, кыргыз жарандарынын Түркияда акысыз дарылануусуна жол ачкан макулдашууну ишке ашырууну кайра жандандыруу талкууланган.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки мамлекеттин жарандарынын жашоосун, иштөөсүн, окуусун жана өз ара саякаттоосун жеңилдетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну улантуу, анын ичинде эки өлкөнүн талапкерлерин илгерилетүү боюнча өз ара колдоо көрсөтүү, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунда кызматташуу боюнча макулдашкан.

Түркиянын тышкы иштер министри расмий сапарынын жыйынтыгында 2024-2026-жылдарга кызматташтык программасына кол коюлган. Ошондой эле Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 6-жыйынынын жыйынтыгы боюнча билдирүү кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM