Connect with us

Тиш доктурда чарчап калган наристе: Экспертизанын жыйынтыгы эмгиче чыга элек

Кыска кабар | 10 Янв 2024 | 664 | 0

2023-жылдын 18- декабрда Бишкекте стоматологиялык клиникада 3 жашар кыз тиш дарылоо учурунда чарчап калган. Буга байланыштуу иликтөө комиссиясы түзүлгөнүн 21-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирген.

Комиссия корутунду чыгарып, тергөө органдарына өткөрүп бергенин министрдин кеңешчиси Ренат  Мавланбай уулу «Маралга» билдирди. Корутундунун негизинде клиника убактылуу жабылып, дарыгерлер жумуштан алынган.

Кыздын чоң апасы Айгүл Исаковага байланышканыбызда, экспертизанын жыйынтыгы эмгиче келе электигин айтып, буларга токтолду.

«Экспертизанын жйынтыгы чыга элек. Мына бүгүн  23 күн болду, эмнеге чыкпайт экспертизанын жыйынтыгы? «8-январга чейин күткүлө» дешти, «эс алуу болуп калды» деп макул болдук. Балдарым оорукчан болгону калды 8-январды күтө берип. Мен да кандай кыларымды билбей калдым.  Кечээ Саламаттыкты сактоо министрлигине барсам, министр жок экен, башкалар кабыл алды. Ары-бери даттансак, «ушул бешинчи күнү толук чыгат» деп айтышты. Экспертизанын мөөнөтү болот деп жатышат, гематология, дагы башкалары даяр болуптур, бирок экспертиза даяр болбой жатканын айтышты. Тигилер эркиндикте жүрөт. Эшикти бирөө каккыласа эле келиним менен баламдын жүрөгү атып кете жаздап, түндө балам ооруп, ооруканага алып бардык. Экөөнүн тең абалы оор болуп жатат. Бүгүн да РИИБге чалып көрөм, булар жыйынтыгын чыгарбай кармап эле жатышат».

Окуя 18-декабрда Бишкектеги стоматологиялык клиникалардын биринде болгонун жактоочу Канат Хасанов Фейсбук аркылуу түз эфирге чыгып кабарлаган. Анын айтымында, атасы кызын тиш доктурга алып келген. Дарыгерлер уктатып дарылоо үчүн «Севоран» дарысын жыттатышып, ийне сайышкан. Тилекке каршы, наристе ошол бойдон ойгонбой калган.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, жеке клиникаларды текшерүүдө одоно мыйзам бузуулар аныкталууда. Бул иш күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM