Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөдөн көчөт жана үрөн алып келүүдө көзөмөл күчөтүлөт

Кыска кабар | 10 Янв 2024 | 311 | 0

Чет мамлекеттерден көчөт жана үрөн алып келүүдө чек арадагы көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Көзөмөл «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» мыйзамдын негизинде жүзөгө ашырылат. Мындагы максат зыяндуу өсүмдүктөрдүн өлкөгө киришине бөгөт коюу, фитосанитардык абалды туруктуу сактоо болуп саналат.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин буйругуна ылайык, көчөт жана үрөн ташып келүүдө төмөнкү документтер талап кылынат:

  • Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин расмий уруксат кагазы;
  • Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин, карантин лабораториясынын корутундусу;
  • Товар берген мамлекеттин фитосанитардык тастыктамасы жана департаменттин көзөмөл актысы;
  • Кирген көчөт жана үрөнгө фумигация жасалганы боюнча акты.

Чек ара тосотторунда көзөмөлдү күчөтүү буйругу бүгүн, 10-январдан тарта күчүнө кирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM