Биз менен байланышыңыз

Президент ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган жарлыкка кол койду

Кыска кабар | 9 Янв 2024 | 189 | 0

Президент Садыр Жапаров ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу боюнча Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык ушул жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъектерди, бизнес-чөйрөнү мамлекеттик органдар тарабынан текшерүү иштери болбойт (кылмыш иши козголгон ишканалардан сырткары).

Президенттин айтымында, бул чара бизнес чөйрөсүнүн экономикалык иштерин турукташтыруу жана бизнес чөйрөсүн мамлекет тараптан колдоо максатында болуп жаткан айла.

«Кызмат адамдары негизсиз, экономикалык кылмышы аныкталбай туруп эле (жасалма, уюштурма арыздар менен) ишкерлерге текшерүүгө келген болсо, Президенттин Администрациясы аркылуу мага кайрылсаңыздар болот. Сөзсүз чара көрөбүз», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM