Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев Жамгырчиев боюнча: Биз үчүн күтүүсүз болду

Кыска кабар | 9 Янв 2024 | 375 | 0

«Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин айланасындагы окуя боюнча фракциялашы, депутат Жанар Акаев «Маралга» комментарий берди.

Ал бул окуя алар үчүн күтүүсүз болгонун айтты.

«Эртең карап көрөбүз, балким жалпы жыйынга алып чыгабыз. Мен азыр эле Алайдагы шайлоочуларым менен жолугушуудан келдим. Биз да массалык маалымат каражаттары аркылуу уктук. Азыр биз бири-бирибиз менен байланышып жатабыз. Эми кылмыш ишинин курамын тергөө аныктайт», — деп билдирди.

Жанар Акаев Эмил Жамгырчиев менен байланышуу такыр мүмкүн болбой жатканын айтты.

Социалдык тармактарда Эмил Жамгырчиев коллегасынын кабинетинен качып кетти деген сөздөр айтылып жатканы боюнча да комментарий берип,  «Тактаганга аракет кылып жатабыз, эми далил катары видео көрбөгөндөн кийин комментарий берүү да кыйын болуп жатат. Эртең  күч органдарынан маалымат алып туруп, анан кенен маалымат беребиз», — деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 9-январда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия “Альянс” фракциясынан депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергени айтылды.

“Азаттык» медиасы  УКМКнын тергөөчүлөрү депутатка чакыруу кагазын берүүгө аракет кылганда Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип кеткен видеосун жарыялады. Андан ары депутат Жамгырчиев Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, Чүй проспектисин көздөй качып кеткенин ишенимдүү булактарына таянып жазды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM