Connect with us

Сузакта айыл өкмөт кызматкери «кылмышка шериктеш» катары кармалды

Кыска кабар | 9 Янв 2024 | 237 | 0

Сузак районунда жер тилкелерине байланышкан кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн жылдын 13-ноябрында Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө арыз түшкөн. Жабырлануучунун айтымында, 2022-жылдын август айында Т.А. аттуу адамдан Благовещенко айылындагы 6 сотых жер тилкени 350 миң сомго кызыл китеби жок, долбоордун негизинде сатып алган. 2023-жылдын апрель айынан тарта үй салууга киришип, пайдубал түптөй баштаганда, жердин дагы бир ээси чыгып, тилке талашка түшкөн.

Арыз Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына катталып, текшерүү, суракка алуу башталган. Анын жүрүшүндө Т.А. буга чейин да Сузак районунан жер тилкелерин сатып алып, кайра сатып иштеп келгенин, жогоруда айтылган Благовещенко айылындагы эки жер тилкесинин бирин 350 миң сомго, бирин 550 миң сомго 1995-жылы туулган М.Б. аттуу адамдан алганын, анын бирин арыз жазган адамга сатканын айткан.

Ошол эле жылдын 21-ноябрында бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен иш козголуп, иликтөө башталган. Анын негизинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, буга чейин козголгон иштин негизинде Ош шаарынын тергөө абагында отурган, 1995-жылы туулган М.Б. алдамчылыкка шектелип кармалган.

Андан тышкары жабырлануучуга берилген долбоорду текшерген эксперттик топ документтин жасалма экенин тастыктаган корутунду чыгарып беришкен. Бул кылмышка шектүү катары мурда Сузак айыл өкмөтүндө орун басар болуп иштеген, 1969-жылы туулган Х.У. кармалып, тергөө абагына камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM