Биз менен байланышыңыз

Орусияда үч вирустук инфекция күч алып жатканы айтылды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Янв 2024 | 254 | 0

Орусияда бир эле учурда үч вирус: COVID-19, сасык тумоо (грипп), курч респиратордук вирустук инфекция (ОРВИ) жүрүп жатканын «Известия» басылмасы жазды.

Смородинцев атындагы сасык тумоону изилдөө илимий институтунун билдирүүсүнө караганда, 10 миң адамга 128 бейтап туура келүүдө, бул базалык ченемден 83%га жогору дегенди билдирет.

Орусиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматы тараткан маалыматта үч оорунун ичинен А (H3N2) сасык тумоосу катуу жүрүп жатканы айтылат.

«Орусия Федерациясынын 46 аймагында ооругандар ченемден ашып кетти», — деп жазды мекеме Telegram-каналына.

Айрыкча 18-декабрдан 24-декабрга чейинки аралыкта бейтаптардын саны беш эсе көбөйүп кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM