Connect with us

Кыргыз эл сүрөтчүсү Муса Абдиевдин сөөгү жерге берилди

Кыска кабар | 9 Янв 2024 | 538 | 0

Бүгүн, 9-январда Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, кыргыз киносунун ардагери Муса Абдиевдин сөөгү жерге берилди.

Маркумдун аза зыйнаты үйүндө өтүп, ага Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кинематография департаментинин директору Акжол Бекболотов, Кинематографисттер уюмунун төрагасы Таалай Кулмендеев, кино жана сүрөт искусствосунун көрүнүктүү өкүлдөрү, туугандары, жакындары катышты.

Муса Абдиев 7-январда 89 жашында дүйнөдөн өткөн.

Ал 1934-жылы Сузак районунун Орто Азия айылында туулган. 1959-жылы Фрунзедеги сүрөт окуу жайын аяктаган.

1960-жылы «Кыргызфильм» киностудиясына сүрөтчү-коюучунун жардамчысы катары кирип, ардактуу эс алууга чыкканга чейин ушул жерде иштеген.

Сүрөтчү-коюучу катары эмгек жолу режиссёр Алексей Очкин тарткан «Тянь-Шандын кызы» тасмасында башталган. Андан тышкары Лариса Шепитьконун «Аптап», Адольф Бергункердин «Жоро», Андрей Кончаловскийдин «Биринчи мугалим», Геннадий Базаровдун «Көчө», «Карек», «Буктурма», «Каныбек», «Саманчынын жолу», Болот Шамшиевдин «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», Төлөмүш Океевдин «Кызыл алма», «Алтын күз», «Кожожаш», «Махабат закымдары», Мелис Убукеевдин «Элеттик роман», Жали Соданбектин «Не ищи объяснения», «Гибель во имя рождения», А. Сүйүндүковдун «Кайчылаш жол», «Кошокчу» сыяктуу көптөгөн тасмаларында иштеген.

Муса Абдиевдин сөөгү «Аларча» көрүстөнүндө жерге берилди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM